Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш башталды

Бүгүн, 30-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда СССРдин Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш башталды. Мелдешке Орусия, Кытай, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бокс боюнча курама командаларынан 200дөй спортчу катышууда. Бүгүнкү мелдеште 52, 56, 60, 64, 69, 70, 91 килограмм салмагындагы 60 жуп беттешет. Эскерте кетсек, бул мелдеш 3-февралда аяктайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан