Министрликке талапкер Талантбек Батыралиев убагында Курманбек Бакиевге кеңешчи болгонун моюнга алды

Саламаттыкты сактоо министрлигине талапкер Талантбек Батыралиев 2006-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге кеңешчи болгон. Муну парламенттин 5-ноябрдагы жыйынында талапкер өзү билдирди. Талапкердин Бакиевге кеңешчи болгонун депутаттар айтып чыгышкандан кийин Батыралиев буларды айтты: “Ооба, убагында Курманбек Бакиевге кеңешчи болгом. 2006-жылы президенттик аппараттан байланышып, кеңешчи болууну сунуш кылышкан. Мен иштеп бердим”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан