Кыргызстандын аймактарында свет 16 саатка чейин өчүрүлүп жатканы айтылды

Кыргызстандын айрым аймактарында электр энергиясы 16 саатка чейин өчүрүлүүдө. Муну парламенттин 6-ноябрдагы жыйынында депутаттар айтышып, өкмөттүн ишине жергиликтүү тургундар нааразы экендиктерин билдиришти. Мирлан Бакиров элде таза суу жеткирүү жана өкмөттүн ишине нааразычылык көп экенин айтуу менен санариптик телеберүүгө өтүү иши аймактарда начар экенин кошумчалады. "Санариптик берүүгө өтүү боюнча акчаны рационалдуу бөлүштүрүү зарыл",- дейт депутат.  
Айта кетсек, өкмөт светти маал-маалы менен өчүрүү Казакстан менен Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо маселеси чечилгенден кийин азайышы мүмкүн экенин билдирүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан