Кыргызстан менен Казакстандын парламент жетекчилери Бажы союзу боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 6-ноябрда Москвада Казакстан Мажилисинин төрагасы Кабибулла Жакупов менен жолугушту. Акыркы кезде кыргыз-казак мамилесинде олуттуу жылыштар болуп жатканын айткан спикер Жээнбеков мамлекеттер ортосундагы алакага оң баа берерин билдирди. 

Эки өлкөнүн парламенттер аралык комиссиясынын сентябрда Бишкекте өткөн IV жыйынында Парламенттер аралык кеңеш түзүү чечими кабыл алынганын эске салып, ул эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт” деп билдирди. 

Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу маселеси сүйлөшүүнүн негизги темасы болду. “Бажы союзуна кошулуу үчүн парламент керектүү мыйзам долбоорлорун жыл аягына чейин кабыл алууга аракет кылат. Кыргыз өкмөтү да бул багытта иш алып барууда. Сиздер дагы Бажы биримдиги жаатындагы мол тажрыйбаңыздардан бөлүшөсүздөр деп ишенем”,- деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Жакупов мамлекеттер аралык мамиленин жандуу өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттер ортосундагы кызматташуу жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүнө басым жасады. Ошондой эле казак тарап ар кыл багыттар боюнча кызматташууну өркүндөтүүгө даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан