Бүгүн, 7-ноябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жолугушат. Кыргызстандын президентинин Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын программасына таянсак, өлкө башчылардын жолугушуусу 4-Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынынын алкагында өтмөкчү. Президенттердин жолугушуусунда Казакстандан Кыргызстанга импорттолчу электр энергиясынын бааларынын бекитилери айтылган.
Алмазбек Атамбаев баштаган делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиев, экономика министри Темир Сариев, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жана башкалар бар.
Айта кетсек, 2003-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык кеңеши түзүлгөн.