- Өндүрүштүн өздүк наркынан 10 пайыздан ашпаган рентабелдүүлүктүн чектик деңгээлин эске алып, көмүр казуучу ишканалар үчүн түрлөрү боюнча көмүрдүн дүң өткөрүү баасынын чектик деңгээлин 2014-жылдын 17-ноябрына чейин белгилөө;
- Дүң соода чөйрөсүндө иш жүргүзгөн бардык дүң звенолорунун жыйындысы үчүн 5 пайыздан көп эмес соода үстөгүн эске алып, ортомчулар аркылуу жеткирилген көмүрдүн дүң өткөрүү баасын аныктоо үчүн көмүрдү чекене сатуу орундарына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарга талдоо жүргүзүү;
- 2014-жылдын 20-ноябрына чейин көмүрдүн сатып алуу баасынан 10 пайыздан көп эмес соода үстөгүнүн чектик деңгээлин эске алып, ар бир облустун райондору боюнча, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча, сортторун эске алып (майда, орто, ири) көмүрдүн чекене баасынын чектик деңгээлин белгилөө;
- Өкмөттүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги токтому менен бекитилген “Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларына дүң өткөрүү жана чекене бааларды түзүү жана колдонуу тартибинин тиркемесине ылайык, көмүрдүн чекене баасынын китеби болуусунун зарылдыгы жөнүндө чекене соода чөйрөсүндө иш жүргүзгөн чарбакер субъекттердин жана жеке ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларына дүң өткөрүү жана чекене бааларды түзүү жана колдонуу тартибин бузуу фактылары байкалган учурда ыкчам тартипте административдик жоопкерчилик чараларын кабыл алуу;
- Көмүрдүн дүң өткөрүү жана чекене баасына мониторинг жүргүзүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо;
- Апта сайын бул буйруктун аткарылышы жөнүндө маалыматты аталган агенттиктин монополияларды жөнгө салуу бөлүмүнө берүү.
"Монополияларды жөнгө салуу бөлүмү берилген маалыматтарды жалпылап, көмүр рыногундагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн тийиштүү иш-чараларды координацияга алсын. Бул буйруктун аткарылышына жеке жоопкерчилик Мамлекеттик агенттиктин аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлсүн. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары К.Д.Тайлаковго жүктөлсүн",- деп айтылат маалыматта.