Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Радага шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Партиялык тизме боюнча шайлоодо премьер-министр Арсений Яценюктун "Элдик фронту" жеңүүчү болсо, бир мандаттуу округдан шайлоодо президенттин "Пётр Порошенконун блогу" жеңишти камсыздады. Партиялык тизме менен шайлоонун жыйынтыгында "Элдик фронтко" шайлоочулардын 22,14 пайызы, "Пётр Порошенконун блогуна" 21,81 пайызы, Андрей Садовыйдын "Өз ара көмөктөшүү" партиясына 10,97 пайызы, экс-президент Виктор Януковичтин саясатын колдогон 6 партиянын биригишинен түзүлгөн "Оппозициялык блокко" 9,43 пайызы, Олег Ляшконун Радикалдык партиясына 7,44 пайызы, мурунку премьер-министр Юлия Тимошенконун "Батькивщина" партиясына 5,58 пайызы добуш беришти. Муну менен жеңүүчү парияларга депутаттык мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
"Элдик фронт" - 64 мандат;
"Пётр Порошенконун блогу" - 63 мандат;
"Өз ара көмөктөшүү" партиясы - 32 мандат;
"Оппозициялык блок" - 27 мандат;
Радикалдык партия - 22 мандат;
"Батькивщина" - 17 мандат. Пропорционалдык систем менен 225 депутат шайланды.
Ал эми бир мандаттуу же мажоритардык систем менен шайлоонун жыйынтыгында "Пётр Порошенконун блогуна" Жогорку Рададан 132 мандат, "Элдик фронтко" 50 мандат, "Өз ара көмөктөшүү" партиясына 33 мандат,
"Оппозициялык блокко" 29 мандат, Радикалдык партияга 22 мандат, "Батькивщинага" 19 мандат тиери айтылды.
Эскерте кетсек, Жогорку Радага кезексиз шайлоо быйыл 26-октябрда өткөн.