Бүгүн, 11-ноябрда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев коомчулуктун суроолоруна жооп берет. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Зилалиев “Министр байланышта” акциясынын алкагында массалык маалымат каражаттарына “Жер-Үй” кенине карата сынак, тоо-кен тармагынын инвестициялык жана кендердеги чыр-чатакты чечүү багытындагы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берет. Ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушуп, агенттиктин алдыдагы иш пландары менен тааныштырат.