Курманбек Осмонов "университетке 24 студентти мыйзамсыз кабыл алуу боюнча билим берүү министринин жоопкерчилигин кароо керек" дейт

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун жоопкерчилигин кароо керек. Муну 10-ноябрда ММКлардын бириндеги түз эфирде Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов билдирди. "Депутат Каныбек Осмоналиев студенттерди кабыл алууга байланыштуу кат гана жиберип жатат. Ал эми студенттерди кабыл алуу тууралуу чечимди министр чыгарып жатпайбы. Эгер депутаттын жиберген катында мыйзамга туура келбеген жагдайлар бар болсо, макул болбой коюшу керек эле да",- дейт Осмонов. 
Айта кетсек, депутат Осмоналиев Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча күнөөлөнүүдө. Депутаттын аталган окуу жайдын жетекчилигине студенттерди кабыл алуу боюнча кат жазганы айтылган болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан