Өкмөт: Баткен шаарында көмүр арзандады

Баткен шаарында көмүр арзандаганын бүгүн, 12-ноябрда өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди. Аталган агенттиктин Баткен облусундагы бөлүмдөрү тарабынан көмүр баасы текшерилип жатканын кабарлаган мекеме буларды кошумчалайт:
"Үстүбүздөгү жылдын сентябрь-октябрь айларында БК үлгүсүндөгү Сүлүктү көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 11 000 сомдон сатылып жаткан. Буга ортомчулар жана транспорттук чыгымдар себеп болгону айтылган эле. Жергиликтүү калктын көмүр менен толук камсыз болбогону үчүн жеке ишкерлердин бири менен сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Сүлүктү шаарындагы шахталардан көмүр сатып алуу менен БК үлгүсүндөгү Сүлүктү көмүрүнүн 1 тоннасы учурда 9000 сомдон сатылып жатат же 2000 сомго арзандады".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан