Сотторду тандоо кеңешин бекитүү Жогорку Кеңеште кайчы пикир жаратты

Жогорку Кеңештин 12-ноябрдагы жыйынында Сотторду тандоо кеңешин бекитүү депутаттардын ортосунда кайчы пикир жаратты. Депутат Токтогул Туманов комитеттерден кеңештин 20 мүчөсү тандалып алынганын айтып, калганын добуш берүү менен тандап алуу сунушун киргизди. “6 айдан бери кеңештин мүчөлөрү бекитилбей жатат. Эртерээк тандап берип, кеңешти ишке киргизели”,- деген депутаттын пикирине айрым кесиптештери каршы чыгышты. Депутат Курманбек Осмонов: “Жогорку Кеңештин регламентинде “парламенттин кароосуна Сотторду тандоо кеңешинин толук курамы киргизилсин” деп жазылып турат. Толук курам 24 адамдан турат. Калган төрт талапкерди да тандап алып, анан карайлы”, - деди ал. Спикер Асылбек Жээнбеков кайчы пикирлерди жаратпаш үчүн кеңешти толук курам менен бекитүү керектигине токтолду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан