Кыргызстанда ноябрь айында бензиндин баалары кымбаттабайт жана арзандабайт. Муну бүгүн, 12-ноябрда өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди. Доллардын курсунун өзгөрүшү бул айда бензиндин баасына таасир этпей турганы айтылды. Баалар азыркыдай бойдон кармалып турат.
Маалыматка таянсак, 2014-жылдын май айынан октябрга чейин Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 11 сом 60 тыйынга кымбаттаган. Май айында 1 литр бензиндин баасы 38 сом 30 тыйын болсо, учурда 49 сом 90 тыйын болууда.