Жогорку Кеңеш эртең Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш иши боюнча прокуратуранын маалыматын угат

Жогорку Кеңеш 13-ноябрдагы жыйынында парламент депутаты Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш иши тууралуу башкы прокурор Аида Салянованын маалыматын угат. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 12-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды. Мурдараак депутаттар Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш иши тууралуу прокуратура тараптан түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан эле. Спикер Асылбек Жээнбеков бүгүн бул маселени кароого убакыт жок экенин айтып, эртеңки жыйынга киргизүү керектигин билдирди. “Бүгүн карай турган маселе көп, эртең карайбыз. Башкы прокурор да эртең келип маалымат бермекчи болду”,- деди ал.  

Айта кетсек, Урмат Аманбаева “коррупция” беренеси менен айыпталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан