Жогорку Кеңештин 12-ноябрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтому экинчи окууда каралууда. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусунун жол картасында ченемдик-укуктук актыларын Бажы биримдигинин талаптарына ылайык келтирүүгө багытталган аракеттер камтылган. Кыргызстан 32 мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 90дон ашуун ченемдик-укуктук актыларын Бажы союзунун талаптарына ылайык келтириши керек. Бажы союзу Кыргызстан мүчөсү болуп саналган Дүйнөлүк соода уюмунун ченемдерине каршы келбей турганын кошумчалады.
Аталган маселе боюнча 14 мыйзам долбоору талкууланып жатат.