Жогорку Кеңештин 12-ноябрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна байланышкан мыйзам долбоорунун топтому экинчи окууда каралып жатат. Жыйында депутат Мирлан Бакиров мыйзам долбоорунда бир нече лингвистикалык каталар бар экенин билдирди. “Лингвистикалык каталарын оңдогула деп сунуш кылганбыз, кайра эле ошол бойдон экен. Мисалы, “Бажы биримдиги” дегендин ордуна “Бажы союзу”, “көзөмөл” дебей, “контроль” деп жазылып турат”,- деди ал. Депутат Мыктыбек Абдылдаев мыйзам долбоорунун орус тилинде жазылган вариантын кароону сунуш кылды. “Орусча вариантын карабасак, Орусия, Беларусь жана Казакстан өлкөлөрү кыргызча вариантын карашпайт”,- деди депутат.
Экономика министри Темир Сариев лингвистикалык каталар кайрадан оңдолуп чыгарын билдирди.