Темир Сариев, Бажы союзу боюнча: "Орусия менен Казакстандан чыгарылган автоунааларды кыргызстандыктар арзан ала алышат"

Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин Орусия, Казакстан жана Беларустан чыгарылган автоунаалар Кыргызстанга бажы пошлинасыз киргизилет. Муну парламенттин 12-ноябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. "Орусия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрү учурда дүйнөлүк бренддеги автоунааларды чыгара башташты. Эми алардан чыгарылган унааларды Кыргызстанга алып кирүүдө бажы пошлинасы алынбайт. Кыргызстандыктар ал унааларды арзан баада сатып ала алышат",- деди министр. 
Сариев Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн киргизилген автоунаалардын бажы алымы 5 жылда этап-этап менен көтөрүлүп турарын эске салды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан