Парламент Кыргызстанда жекече детективдик жана күзөт иштерин жөнгө салчу мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 12-ноябрдагы жыйынында жекече детективдик жана күзөт иштерин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.  

Мыйзам долбоору детективдик жана күзөт ишмердигин ишке ашырган кадрлардын атайын даярдыктан өтүү, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу тартибин киргизүүгө багытталат. Анткени андай чаралар иштеп жаткан мыйзамдарда жөнгө салынган эмес. Ошондон улам аларды атайын даярдыктан өткөрүү тартибин КРнын Өкмөтүнүн чечими менен бекитүү зарыл. Андан сырткары атайын даярдыктан өтпөй эле аталган ишмердүүлүктүн түрү менен алектенүүгө укук коргоо органдарында үч жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдарга укук берилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан