Жергиликтүү кеңештердин айым депутаттарына Даткайым медалы тапшырылды

Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутат айымдарынын кезектеги форуму өттү. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, форумдун алкагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарына Даткайым медалы тапшырылды. Ал эми жыйында форумдун Координациялык кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева 2015-жылдын республикалык бюджетине гендердик көйгөй менен депутат айымдардын форум ишинин пландары эске алынып, сунушталган өзгөртүүлөр боюнча маалымат берди.

Жыйын жүрүшүндө форумдун ишинин пландары бекитилди. Ага республиканын аймактарындагы жергиликтүү кеңештердин депутат айымдары менен жолугушуулар, балдар ооруканаларынан, перинаталдуу борборлордон жана төрөт үйлөрүнөн кабар алуу, экология маселелерин талкуулоо киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан