Орусияда жана Казакстанда кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын чогултуучу пункттар ачылат

Биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жабдуулар Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде ачылат. Биринчи кезекте пункттар кыргыз мигранттары көп жашаган аймактарда: Орусия менен Казакстанда орун алат. 

Белгилүү болгондой, азыркы тапта КРнын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө Кыргызстандын жарандарына биометрикалык паспорт жана биометрикалык маалыматтарды тапшыруу боюнча маалымат берилип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө. 

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 13-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, мекеменин кызматкерлери кечээ, 12-ноябрда Кыргызстандын тышкы саясат боюнча консулдук кызмат департаментинде өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан