Депутат Дастан Бекешев 13-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында жарандардын акча каражаттарын алтын түрүндө сактоосуна шарт түзүүнү өкмөткө сунуштады. Анын айтымында, өлкө жарандары мамлекеттин башкы инвестору болуп калат. “Мындай шарт түзүлсө, аккумуляцияланган каражаттарды өкмөт инвестициялык долбоорлорго жумшай алат”,- дейт депутат. Мындай тажрыйба дүйнө жүзүндө бар экенин белгилеген өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев биздин өлкөдө бул үчүн тиешелүү шарт болушу керектигине токтолду: “Азыркы тапта баалуу металлдарды башкаруу системин реформалоо боюнча иштер жүрүп жатат. Башка өлкөлөрдүн мисалында мындай маселени караса болот”.