Асылбек Жээнбеков: "Манасты" Саякбай Каралаевсиз элестетүү мүмкүн эмес"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 13-ноябрда Улуттук филармонияда манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган иш-чарага катышты. Төрага улуу манасчынын, "Манас" эпосунун тарыхый мааниси тууралуу кенен пикир билдирди.  

"Дүйнөнүн көп элдери өз тарыхынын ар кыл учурларында эпос жаратуу өнөрүнө жөндөмдүү болушкан. Бирок ал өнөр алардын кийинки муундарына буюрбай калган. Кудай Таала насип кылып, кылымдардан кылымдарга өтүп, азыркыга чейин уланып келе жаткан бир улуу касиет – манасчылык өнөр кыргыз элине гана таандык.

Ошондуктан бүгүнкү күндө дагы "Манас" эпосу кыргыз элинин дүйнө таанымын, тарых-таржымалын, эңсөө-кыялын, ой-чабытын жана маданиятын чагылдырып турат. Эпосубуз, алп жазуучубуз Чыңгыз Айтматов таамай айткандай, жалпы кыргыз турмушунун энциклопедиясы болуп калган. Ал адамзат-генийинин дүйнөдө теңдеши жок көркөм энчиси болуп отурат",- деди спикер.

Парламент жетекчисинин сөзү төмөнкүдөй уланат:

"Саякбай атабыз – биздин сыймыгыбыз, көзү тирүү кезинде эле нукура манасчы катары өмүрү менен өнөрү уламышка айланган инсан. Ал - улуу манасчы, мурасы муундан муунга "Манас" менен кошо терең урматтоо менен өтүп турчу сөз шааларынын бири. Сейрек таланттын ээси, Жараткан өзгөчө касиетти насип кылган, элдин тарыхында өзгөчө бир тарыхый вазийпаны аркалаган эң сейрек залкарлардын бири.

Саякбай манасчы "Манас" эпосун тарыхый таберик катары сактоо, коргоо, колдоо, жайылтуу, аны андан ары өркүндөтүү жаатында эбегейсиз зор эмгек сиңирди. Ал манасчылык өнөрдү жандуу кыймыл менен коштоп, кайталангыс кыраатка салып, эпостогу окуяларга өзү да жан дүйнөсү менен аралашып кеткенин билебиз. Ал Манас айтып жатканда өзү менен кошо, угуп отургандар да аттын дүбүртүн, кылыч-калкандын кагышканын угуп, баатырдык окуялардын ичине кирип кетишкен. Кыргыз элин, тарых-таржымалын "Манас" дастанысыз элестетүү болбогон сыяктуу эле, "Манасты" Саякбайсыз элестетүү эч мүмкүн эмес".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан