Кытай айыл чарба багытында Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 13-ноябрда Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин тышкы байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Чжоу Ли жетектеген делегацияны кабыл алды. Жолугушууда Сарпашев Кыргызстан ортодо түзүлгөн эки тараптуу жылуу мамилелер менен сыймыктанарын айтты.

"Быйыл мамлекет башчылары тарабынан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык шериктештик мамилелерди мындан ары тереңдетүү тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюлуусу соода-экономикалык кызматташууну жандандырууга түрткү берди. Бүгүнкү күндө Кытай Кыргызстандын экономикасына инвестициялоо көлөмү боюнча алдынкы катарда турат. Биз биргеликте айыл чарба, жол жана байланыш жаатындагы бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууну сунуштайбыз. Жакынкы арада айыл чарба жаатындагы бир катар ири долбоорлор ишке ашырыла баштамакчы",- деди биринчи вице-премьер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан