Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстандын орчундуу маселелерин чечүүгө көмөктөшчү илимпоздорго муктажбыз"

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 60 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 14-ноябрда маалымдады.

Куттуктоодо академиянын тарыхы республиканын фундаменталдуу жана прикладдык илимин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон белгилүү окумуштуулардын жана адистердин ысымдарына тыгыз байланыштуу экени айтылат.

"Бул жерде заманбап илимдин келечектүү тармактарында алдынкы мектептер түзүлүп, өлкөнүн экономикасын инновациялык жактан өнүктүрүүгө зор мааниси бар өзгөчө технологиялар иштелип чыккан.

Өлкөбүздүн илимдер академиясында өз мезгилинде космостук эксперименттерде пайдаланылган түзүлүштөр жасалган. Кезинде Кыргызстандын экономикасы үчүн окумуштуулар жаңы технологияларды, тоо-кен өнөр жайы үчүн приборлорду, станокторду, машиналарды жана агрегаттарды, дары-дармектерди сунуштап турган.

Ошону менен бирге эгемендүүлүк жылдары Улуттук академияда көптөгөн көйгөйлөр, чечилбеген маселелер топтолду",- дейт президент.

Илимий мекемелердин натыйжалуулугу төмөндүгү белгиленип: "Окумуштуулардын ишмердиги турмуш талаптарынан алыстап, экономика тармактарынын күндөлүк муктаждыктарын ишке ашырууга багытталбай калган. Ушуга байланыштуу өлкөнүн илим системин реформалоо боюнча чечкиндүү чаралар талап кылынууда.

Илим биринчи кезекте мамлекетти өнүктүрүүгө багытталууга тийиш. Учурда биз Кыргызстандын алдында турган орчундуу маселелерди чечүүгө көмөктөшчү заманбап илимпоздорго, ачылыштарга жана иштеп чыгууларга муктажбыз. Илимий ишмердикти уюштурууда жаңыча мамиле жана иштиктүү чечимдер керек. Билим берүү, өндүрүш менен байланышты бекемдөө зарыл. Илим элибизди эл аралык интеграция жолу менен алдыга - эркин жана гүлдөп өнүккөн мамлекет курууга көмөктөшкөн тармактардын бири болуп калууга тийиш. Илимпоздорубуз куру намыска алдырбай, өлкөнүн кызыкчылыктарын жогору коюп, мезгил талабы менен кошо кадам таштап, Кыргызстан элине кызмат кылууга умтулат деп ишенем. Бардыгыңыздарга чың ден соолук жана бакубатчылык каалайм!"- деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан