“Урматтуу мекендештер!
Кылымдарды карыткан кыргыздын тарыхы, салт-санаасы жана маданияты элдик оозеки чыгармачылыгы аркылуу муундан муунга берилип келген. Көчмөн турмушта, согуш алааматтарынын катаал шарттарында жашаган элибиздин көөнөрбөс эпосторун азыркы заманга чейин сактап жеткирүүдө манасчылар, ак таңдай акындар олуттуу милдет өтөшкөн. Мына ошолордун бири - атактуу төкмө акын, Кыргыз ССРинин Эл артисти, көркөм сөз устаты Алымкул Үсөнбаевдин 120 жылдык мааракеси быйыл белгиленип жатат.
Өз доорунун татыктуу өкүлү катары Алымкул Үсөнбаев Октябрь революциясынын жеңишин, жаңы доорду даңазалаган, кыргыз элинин эркиндигин, жаңы турмушту чагылдырган, Улуу Ата Мекендик согуштагы жоокерлердин эрдигине, элдин каармандыгына арналган чыгармаларды жараткан. Ырларды, дастандарды, жомокторду камтыган отузга жакын ырлар жыйнактары акындын жемиштүү чыгармачылыгынан кабар берип, көп кырдуу талант экендигин ырастап турат.
Алымкулдун айтуусунда "Олжобай менен Кишимжан", "Саринжи-Бөкөй", "Кожожаш" дастандарынын варианттары жазылып алынган. Чебер комузчу жана уккулуктуу үнү бар мыкты аткаруучу катары элибизге кеңири таанымал. Өзгөчө улуу устаты Токтогул Сатылгановдун белгилүү ырларын жана күүлөрүн чебер аткаруу менен өзү дагы бир катар күүлөрдү жараткан.
Алымкул Үсөнбаевдин чыгармачылык жана коомдук ишмердиги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган, Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Айтылуу төкмө акын, чебер аткаруучу, ырчы, комузчу Алымкул Үсөнбаев көп кырдуу талант ээси катары кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат".