Бүгүн, 15-ноябрда Улуттук филармонияда залкар акын Алымкул Үсөнбаевдин 120 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү. Салтанаттуу кечеге Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, чыгармачыл жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
Вице-спикер Надира Нарматова Жогорку Кеңештин атынан куттуктоо айтып, Алымкул Үсөнбаевдин 120 жылдыгын белгилөө акындын өлбөс-өчпөс өнөрүнө таазим этүү экенин белгиледи.
Алымкул Үсөнбаев быйыл 150 жылдык мааракеси белгиленип жаткан Токтогулдун эң жакын шакирттеринин бири болгонун, аны жаш кезинен ээрчип жүрүп өнөрү менен таалим-тарбиясын алганын кошумчалап буларды айтты: “Токтогулдун көптөгөн ырлары менен күүлөрүн дал ушул Алымкул акын жазып тапшырган. Болбосо, Токтогулдун көп чыгармалары унутта калары бышык эле. Демек, Алымкул Токтогул устатына өз уулундай эле кызмат өтөгөн”.