Бириккен Улуттук Уюмунун Либериядагы миссиясы менен жүргөн Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин офицери Эбола вирусуна байланыштуу эмес, кызматтык мөөнөтү бүткөнү үчүн мекенине кайтып келди. Муну бүгүн, 15-ноябрда Тышкы иштер министрлиги билдирди. "Аталган өлкөдөн Эбола вирусу чыкканы үчүн Кыргызстан офицерин артка чакыртып алды" деген маалымат чындыкка жатпай турганы айтылды. "Офицердин миссиядагы кызматы бүткөнү үчүн август айында кайтып келди",- деп билдирет министрлик.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги БУУнун аталган түзүмү менен байланышты туруктуу түрдө колдой турганын билдирет.