Жорж Сорос Кыргызстандын президенти жана премьер-министри менен жолугушат

Бүгүн, 17-ноябрда "Сорос" фондунун негиздөөчүсү, инвестор Жорж Сорос Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушат. Бул тууралуу Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, Ж.Сорос бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө аталган окуу жайдын президенти Эндрю Вахтел, "Ага хан" фондунун өкүлү жана студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Студенттер менен болгон жолугушуусунда Ж.Сорос ар түрдүү темалар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди. "Билим алуу университет менен аяктабайт. Адам өмүр бою билим алышы керек. Кимдир бирөөгө ири өлчөмдө жардам берүүнүн алдында адам ийгиликтүү болушу зарыл",- деди Сорос.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан