Кыргызстанда 20 миллион долларга айыл чарба техникасын лизинг жолу менен алып келүү үчүн каржы булагы табылды

Кыргызстанда 20 миллион долларга айыл чарба техникасын лизинг жолу менен алып келүү үчүн каржы булагы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Муну ал Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин иш планынын аткарылышы боюнча жыйындын жүрүшүндө айтты.

Маалым болгондой, 2013-жылы КРнын Өкмөтү жана Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда 20 миллион долларга айыл чарба техникасын алып келүүнү каржылоо боюнча келишим бекитилген. Т.Сарпашевдин айтымында, лизинг жолу менен техника сатып алууга дыйкандардан дээрлик 400 билдирүү түшкөн. "Аталган акча каражатына миңге жакын техника сатып алса болот",- деди биринчи вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан