Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы дайындалышкан министрлер ант беришет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн ички иштер министри Мелис Турганбаев, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов жана энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ант беришет.