Вице-премьер-министр Валерий Диль жакында Германияга барат

Вице-премьер-министр Валерий Диль 18-ноябрда Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Срега менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу пикир алышты. Дилдин Германияга болчу иш сапары боюнча да сүйлөшүү жүрдү. Вице-премьер иш сапарында Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министри Герд Мюллер менен жолугушуп, экономика тармагындагы адистердин жана жетекчилердин билим деңгээлин жогорулатуу программасын талкуулайт. Мындан тышкары германиялык саясатчылар жана ишкерлер менен жолугушууда кыргыз өкмөтүнүн өкүлү Кыргызстанга инвестиция тартуу, өлкө Бажы биримдигине киргенден кийинки соода, өндүрүш жаатындагы кызматташуунун шарттарын сүйлөшө турганын өкмөттөн билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан