Кыргызстан менен Европалык союздун ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы макулдашуу даярдоо сунушталууда

Кыргызстандык делегация 18-ноябрда Бельгияда Европалык союз менен Кыргызстандын кызматташтык кеңешинин 13-жыйынына катышты. Жыйында тараптар Европалык союздун Борбор Азия боюнча стратегиясынын ишке ашыруу жаатында пикир алышты. Социалдык тармак, билим берүү, коопсуздук жана соттук реформа маселелерине өзгөчө көңүл бурулганын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Кыргызстандык делегация Кыргызстандагы шайлоо системин реформалоо боюнча Европалык союздун колдоосунун зарылдыгын белгилеп, аталган маселе боюнча Европалык союз тарабынан 10 миллион евро бөлүү боюнча маселе көтөрүлдү. 
Мындан тышкары Кыргызстан менен Европалык союздун ортосундагы кызматташтык жана өнөктөштүк боюнча макулдашуунун жаңы долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү сунушу айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан