Президент Алмазбек Атамбаев 4 министрдин антын кабыл алды (фото)

Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңеште кызматка жаңыдан дайындалган министрлер ант беришти. Ант берүү аземине президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев баш болгон мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты. Министрлердин анттарын президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды. 

Ант берген өкмөт мүчөлөрү: ички иштер министри Мелис Турганбаев, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жана энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев. Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын мындан аркы жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү ишинде ийгиликтерди каалашты. 

Белгилей кетсек, “КРнын Өкмөтү жөнүндө” мыйзам жоболоруна ылайык, министрлер ант беришкен соң, өздөрүнүн расмий ыйгарым укуктарын аткарууга киришишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан