Кыргызстанга оң рулдуу автоунаа алып кирүүгө тыюу салуу демилгесин парламент комитети 1-окууда колдоду

Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу сала турган мыйзам долбоорун парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети 1-окууда жактырды. Демилге комитет жыйынында 18-ноябрда каралды. Ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркуловдун айтымында, 2010-2014-жылдары өлкөгө киргизилген автоунаалардын 35 пайыздан ашыгын оң рулдуу унаалар түздү. "Оң рулдуу автоунаалардын санынын кескин өсүшү жол кыймылынын коопсуздугуна терс таасирин тийгизди. Мындай унаалар катышкан жол кырсыктарынын саны кайсы бир деңгээлде өстү",- деди министрдин орун басары.  
Жапаркулов учурда жол кырсыктарына катышкан автоунаалардын 1000ине 11 автоунаа туура келсе, сол рулдуу унаалардын миңине 6 унаа туура келип жатканын кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан