Дем берүүчү гранттар боюнча республикалык бюджеттен 2014-жылдын 10 айында 292,6 миллион сом бөлүндү

2014-жылдын январь-октябрь айларында дем берүүчү гранттар боюнча республикалык бюджеттен 262 долбоорго 292 миллион 694,3 миң сомго каржылоо жүргүзүлдү. Анын ичинен 49,8 миллион сомго 106 долбоор толугу менен ишке ашырылды. Бул тууралуу 18-ноябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорлорго каралган каражаттар анын өзгөчөлүгүнө жана суммасына жараша, бир канча этап менен бөлүнүп берилет. Анткени долбоорлорду аткаруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каржылоонун кийинки этабы үчүн долбоордун аткарылып жаткандыгы боюнча отчётторун берүүгө тийиш.    

Жогоруда аталган 262 долбоорду каржылоо төмөнкү категориялар боюнча бөлүштүрүлдү:    

Категориялар

2014-жылдын 1-ноябрына карата 

Объекттердин саны

Бөлүнгөн каражаттар (миң сом)

1

Мектептер

116

137 807,9

2

Балдар бакчасы

55

64 746,3

3

Маданий маанидеги объекттер

22

24 118,6

4

Спорт объекттери

18

18 591,5

5

Саламаттыкты сактоо объекттери

7

4 972,4

6

Инженердик-байланыш инфраструктураларынын объекттери

27

24 236,4

7

Административдик маанидеги жана башка объекттер

17

18 221,2

 

Бардыгы

262

292 694,3

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын бюджетинде дем берүүчү гранттар аркылуу долбоорлорду каржылоого 400 миллион сом каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан