Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 20-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусовду кабыл алды. Жолугушууда Жунусов өзү жетектеген органдын 2014-жылкы ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Быйыл бажылык башкарууну жөнөкөйлөштүрүү үчүн “Кыргызстандагы бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыкканын, анда товарларды жана транспорттук каражаттарды бажыдан жеңилдетилген эрежелер боюнча чыгаруу, бажы процедураларын өтүүдө тобокелдик тутумун нормативдик чыңдоо боюнча маселелер аныкталганын билдирди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, аянты 240 чарчы метр болгон "Аламүдүн" операциялык залы курулганын кошумчалады Жунусов.
Транспорттордун көлөмүн жана башка өлчөмүн ченөөдөгү төлөм төлөөнүн ыңгайлуулугу үчүн “Бажы көзөмөлү жүргүзүлгөн аймактарда төлөм терминалдарын орнотуу жөнүндө” буйрук чыгарылганы, төлөм кабыл алуу терминалдары "Эркеч-Там", "Кызыл-Бел", "Кайрагач" жана "Чоң-Капка" өткөрүү пункттарында орнотула турганы айтылды.