Алмаз Насыров Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 24-ноябрда КРнын Президенти Алмазбек
Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле өлкө башчынын башка жарлыгына ылайык, Чыңгыз Шамшиев Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору кызматынан бошотулду.