Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Ош облусунун Кара-Суу районунун бир катар айыл аймактарынын тургундары жана мектептердин мугалимдер курамы менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө айыл аймактардын тургундары мектептерде жан башына каржылоо системин киргизүүнүн кесепеттери тынчсыздандыра баштагандыгын билдиришти. Анткени бүгүнкү күндө айыл жергесиндеги мектептерде окуучулардын саны 120дан 210го чейин. Мындай сандагы мектептерде жан башына каржылоо тутуму мугалимдердин айлык маянасына терс таасирин тийгизүүдө.
Жолугушуулар маалында эмгек акылардын төмөндүгү, жылуулук жана башка коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөр маселеси көтөрүлдү. Жергиликтүү тургундар менен мугалимдердин көтөргөн башкы маселеси окуу китептеринин жетишпестиги жана алардын мазмундарынын өтө начардыгы болду.
Шайлоочулардын койгон маселелерине кошулган Айнуру Алтыбаева окуу китептеринин сапаты начар бойдон калып жатат деп, мындай олуттуу көйгөйлөр боюнча тиешелүү суроо-талаптар жана тапшырмалар тармактык министрликтер менен ведомстволорго жөнөтүлө тургандыгын маалымдап, коюлган маселелерди колго аларын айтты.