«Бүтүн Кыргызстан» жана «Бир бол» саясий партиялары биригет. Эки саясий партиянын биригиши тууралуу SUPER.KG порталына 25-ноябрда "Бир бол" партиясынын Аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев төмөнкүлөрдү билдирди:
"Эки партия бир канча айдан бери консультация жүргүзүп келген. Кийинки шайлоолордо биригип иш алып баруу чечимине келдик. Эки саясий партиянын бүгүнкү тараткан биригүүсү биргелешип иш алып баруудагы биринчи кадамы десеңер болот. Негизги максат Кыргызстандын келечеги үчүн, учурдагы жаңы сыясий системде партиялардын биригиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды. Эки партия тең азыр атайын жумушчу топторду түзүп, жаңы штаб, уюштуруу иштери, жаңы программанын үстүндө иш алып барууда. Жумушчу топ өз ишин бүткөндө биргелешкен курултай өтөт. Мына ошол жерде партиянын позициясы, жоболору каралып, тийиштүү маселелерди талкуулайбыз".
Ошондой эле партиялардын бириккенден кийинки аталышы жана аны жетектөө биргелешкен курултайда чечилерин кошумчалап, курултайды өткөрүү датасы жумушчу топтун ишине жараша болорун белгиледи.