Бүгүн, 25-ноябрда вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын жетекчилиги астында Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин жыйыны өттү. Анда 2015-жылга карата Кыргызстандын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө мыйзам долбоору каралганын билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы. Жыйында карыздарды жоюунун жаңы ыкмасы боюнча Социалдык фонддун сунушу да талкууланды. Тактап айтканда, карыз төлөөгө накталай акчасы жетпеген же жок учурда карыздар тараптын мүлкүнүн эсебинен карызды жаптыруу сунушталууда. Кеңештин мүчөлөрү демилгени жактырышты.