Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы кош салык төлөөдөн качууну болтурбоо боюнча макулдашуу долбоору каралууда

Парламенттин Экономика жапна фискалдык саясат комитети 25-ноябрда Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы кош салык төлөөдөн качууну болтурбоо боюнча макулдашуунун долбоорун карады. Макулдашуунун долбоорун депутаттарга экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев тааныштырды. “Чехия өлкөсүнүн ишканалары бизден киреше таап жаткандыктан, бизге жана Чехияга салык төлөйт. Учурда 7 мамлекет менен бул боюнча макулдашууга кол коюлду. 18 мамлекет менен сүйлөшүү жүрүп жатат, жалпы 50гө жакын мамлекет менен макулдашууга кол коюлат”,- деди ал. 

Комитет макулдашуунун долбоорун биринчи окууда жактырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан