Тармактык комитет Бажы биримдигине кирүүгө байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтомун жактырды

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан 14 мыйзам долбоорун карады. Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун топтомун 3-окууда жактырды.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору: 

- “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

- “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору;

- “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Озон катмарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (Бажы кодексине, “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” мыйзамга);

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

- “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө” мыйзамдарга;

- “Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан