"Бүтүн Кыргызстан" жана "Бир бол" саясий партияларынын биргелешкен билдирүүсү

Бүгүн, 25-ноябрда "Бүтүн Кыргызстан" жана "Бир бол" саясий партиялары бириккени расмий түрдө жарыяланды. Эки партиянын биргелешкен билдирүүсүндө булар айтылат:
"Өлкөдөгү жана дүйнөлүк мейкиндиктердеги өкүм сүрүп жаткан окуяларды эске алуу менен, Кыргыз мамлекетинин, элибиздин алдында жоопкерчиликти сезип, кайдыгер карап тура албай, өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, пайда болуп жаткан коркунучтарга жана кыйынчылыктарга бирге туруу, эл аралык аренада Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрүү максатында бул эки партия биригүү жөнүндө кадам ташташканын жарыялайт. Учурда өлкө кызыкчылыгы үчүн бардык иштерди бирге жүргүзүүгө бел байладык. Биз саясий жоопкерчиликти арттырууну, мамлекетти бекемдөөнү, бардык өнөктөштөр менен тең ата болууну, элибиздин экономикалык абалын жогорулатууну башкы милдетибиз деп эсептейбиз. Күн санап өзгөрүп жаткан дүйнөлүк кубулуштарда Кыргызстан татыктуу жана абройлуу орунду ээлеши зарыл деп билебиз жана ал үчүн бардык күчүбүздү, өмүрүбүздү жумшайбыз. Бул ыйык максаттарды ишке ашырууда ою таза, көкүрөгүндө ыйманы, жүрөгүндө жалыны бар бардык күчтөр менен кызматташууга даяр экенибизди билдиребиз. "Бүтүн Кыргызстан" жана "Бир бол" саясий партиялары күчтүү эл, бай мамлекет болуу үчүн бир болууга чакырат. Жараткан өлкөбүзгө тынчтык, элибизге биримдик, дасторконубузга берекесин берсин".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан