super.kg порталынын колдонуучулары арасында бильярд боюнча достук таймашына чакырабыз
super.kg маалыматтык-маанайшат порталынын форумчулары коомдук турмушка активдүү катышып, кайрымдуулук акцияларды уюштуруп келишет. Достукту чыңдоо максатында достук жолугушууларын жана спорттук таймаштарды да өткөрүп жүргөнү маалым. 10-ноябрь, ишемби күнү мына ошондой иш-чаралардын бири, тактап айтсак, супер форумчулардын арасында бильярддык таймаш уюшулуп жатат. Ага карапайым форумчулардан тарта super.kg`де ниги бар белгилүү ырчылар, журналисттер, спортчулар, "тамашоучулар" катышат. Каалоочулардын баарын активдүү катышууга чакырабыз. Келгиле, эшигибиз ачык!