Бажы биримдигиндеги документ алмашуу жаатында маалымат технологияларын колдонууну ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Маалыматты Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтому каралып жатканда экономика министринин орун басары Данил Ибраев билдирди. Жумушчу топ Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдында, Евразиялык экономикалык комиссия менен бирге иш алып барат.