Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы, Социалдык фонд быйыл 29-ноябрда кадимкидей иштешет. Тактап айтканда, аталган мамлекеттик органдар үчүн 29-ноябрь (ишемби) дем алыш күнү эмес. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттөн билдиришти. Мындай кадамдын максаты - мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу. Муну менен бирге Кыргызстандын Улуттук банкына, коммерциялык банктарга, Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын банк-агенттерине 29-ноябрды иш күнү деп жарыялоо сунушу берилди.