Кыргызстанда кыргыз кызына үйлөнгөн чет элдик жарандар боюнча анализ жүргүзүү зарыл. Муну парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында депутат Надира Нарматова билдирип, этникалык кыргыздарга Кыргызстандын аймагынан жер берүү демилгесине каршы чыкты. "Учурда сырттан келишип, кыргыз кыздарына үйлөнүп алган уйгурлар, дунгандар толтура. Алар 2-3 кыргыз кызын жубай кылып алышып, алардын муктаждыгын камсыздап жаткандар. Жарандык никеде жашап жаткандардын балдары 5-6 жашка чыгып калышты. Муну Кыргызстанды маданияттуу жол менен басып алуу десек болот",- дейт депутат.