Президент Алмазбек Атамбаев 2-декабрда Сауд Арабиянын падышасы Абдалла бин Абдель Азиз аль-Сауд менен жолугушту. Президенттик аппараттан билдиришкендей, мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоого бекем негиз боло турган Кыргызстан менен Сауд Арабиянын элдеринин жалпы тарыхын белгилешти.
Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн Алмазбек Атамбаев менен Абдалла бин Абдель Азиз аль-Сауд биргелешкен ири инвестициялык фондду түзүү тууралуу макулдашышты.
Өлкө президенттери эки өлкөнүн кызматташтыгынын зор потенциалын жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо керектигин да белгилешти.