Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында депутаттар өкмөт электр энергиясын сыртка арзан баада берип, кайра кымбат баада сатып алып жатканын сындашты. Депутат Кантемир Мурзабеков “2010-жылдан 2012-жылга чейин электр энергиясынын сыртка арзан баада сатылганы боюнча иликтөө жүрүп жатабы?” деп суроо берди. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев: “2012-жылы Казакстанга 1 миллиард киловатт-саат электр энергиясы 2,8 (1 сом 30 тыйын) центтен берилсе, 2013-жылы 4 (1 сом 88 тыйын) центтен берилген. Учурда анализ жүрүп жатат”,- деп жооп берди.
Мындан кийин депутат: "Силер муну менен мамлекетке 100 миллион сомдук зыян алып келгениңерди билесиңерби? Азыр 5 сомдон сатып алып жатабыз. Силер арзан баада сатып, кайра кымбат сатып алып мамлекетти зыянга учуратып жатасыңар",- деп кошумчалады.