Жогорку Кеңеш 2015-жылга республикалык бюджеттин долбоорун 2-окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.

Талкууда депутаттар тарабынан мыйзам долбооруна бир катар түзөтүүлөрдү киргизүү сунуштары айтылды. Андан сырткары Жогорку Кеңештин токтому аркылуу өкмөткө үчүнчү окууга чейин республикалык бюджет долбоорун жакшыртуу жаатында тапшырмалар берилди. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев сунуштар эске алынуу менен мыйзам долбоорун жакшыртуу жаатындагы иштер мындан ары да улантыла турганын белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан