Президенттин атынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн адистештирилген 19 мекемеге акчалай жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 3-декабрда Эл аралык майыптар күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген мекемелерге акчалай жардам көрсөтүү боюнча сертификатты тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен социалдык коргоо жана колдоо боюнча президенттин фондунан 7 250 000 сом 19 мекемеге берилди.

Буга чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнөн кайрылуулар түшкөн. КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан балдар үйүнүн өкүлдөрүн кабыл алды. Сертификаттарды тапшыруу иш-чарасына социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан